Загрузка документа…
ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XXVII-чакырылышынын кезектеги 39-сессиясы
2021-жылдын 16-марты № 20
Айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн караштуу Октябрь, Жолголот, Yч-Кайнар, Отуз-Уул айылдарына 2021-жылга жайытка малдардын бааларын бекитүү жѳнүндѳ
Айыл ѳкмѳттүндѳгү жайыт комитетинин тѳрагасы А.Т.Айтикеевдин айыл аймагындагы жайыттарга жайыт акыларын жалпы элдин жыйналышынын чечиминин негизинде сунушун бекитип берүү боюнча айылдык Кенештин депутаттары карап чыгып , Октябрь айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Октябрь айыл аймагынын малчылары Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 токтомунун 4-бѳлүгүнүн 2-бѳлүмүнүн негизинде жайыттарында жайкы убактылуу жайыт пайдалануунун акы тѳлѳмдѳрү тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин.
жылкы - 7 айга 120 сом
уй баласы - 7 айга 100 сом
кой, эчки- 7 айга 20 сом
2. Малчылар ѳз убагында жугуштуу ооруларга каршы эмдѳѳдѳн ѳткѳрүү жагы мал чарбасы боюнча адисине милдеттендирилип, эмдѳѳдѳн ѳткѳрүлбѳгѳн малдарды жайкы жайыттарга чыгарууга тыйуу салынсын.
3. Мал багуучу менен мал ээлеринин ортосунда келишимдер түзүлсүн.
4. Бул токтом ГАМСУМОнун сайтына жайгаштырылсын, мамлекеттик каттоо реестр журналына катталып, юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳѳлдѳ жагы айылдык Кенештин жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Р. Токомбаев |