Редакцияот 16.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айылдык кенешинин XXVII чакырылышындагы 1 кезектүү сессиясы

 

2021-жылдын 16-февралы № 10

Ой-Бадал участкасындагы жерлерди конкурсу жок ижарага берүү жөнүндө

Ой-Бадал участкасындагы жерлерди конкурсу жок ижарага берүү жөнүндө жер адиси И.Айманбаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:

1. Ой-Бадал участкасындагы 50 га кайрак жерди көп жылдан бери иштетилбей калгандыгына байланыштуу, түзмө-түз арыз менен 5 жылдык мөөнөткө 2000 сом өлчөмүндө ижара акысы менен келишим түзүлүп, ижарачыларга иштетилип пайдаланууга берилсин.

2.Ижарачылар соц фонд, салык төлөмдөрүн ижара акысынан тышкары өзүлөрүнүн каражаттарынан төлөй тургандыгы эске алынсын жана мыйзам чегинде келишимдерди түзүү менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Үсөнбаевге тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кенештин төрагасы:

Н.Чекиров