Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Барскоон айылдык Кенешинин
XXVII-чакырылышынын 14 кезектүү сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 18
Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги эркин калдыктар жөнүндө
Эл депутаттарынын Барскоон айылдык кеңешинин сессиясынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Мамыркановдун айыл өкмөтүнүн эсебиндеги жыл аягында эркин калдыктар жөнүндөгү билдирүүсүн угуп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жергиликтүү бюджеттеги 2021-жылдын 1-январь айына карата эркин калдыктар 6 075,9 миң сом өлчөмүндө жүргүзүлсүн жага анын ичинен:
1. 70111-Аппарат бөлүмүнөн ар кандай долбоорлорго өздүк салымына 165,7 миң сом;
2. Өткөн жылдын аягына калып калган төлөмдөргө – 50,7 миң сом;
3. 70629-ЖКХ бөлүмүнөн «Жаштык» участкасынын суу түтүктөрүнө – 2 000,0 миң сом;
4. «Таарылга-Булак» ишканасынын айланасын курчоого – 693,6 миң сом;
5. «Көк-Ой», «Ак-Коргон» участкаларынын суу түтүк орнотууга – 2 266,8
6. 70823-СДК бөлүмүнөн өткөн жылдын аягына калып калган төлөмдөргө – 90,0 миң сом;
7. 70921-Мектеп бөлүмүнөн Э.Кендирбаев орто мектебине туалет салууга – 400,0 миң сом бекитилсин.
8. Атайын эсептен 2021-жылдын 1-январына 70111-Аппарат бөлүмүнөн 2215 статьясынан – 9,5 миң сом жана «Барскоон» бала бакчасынын атайын эсебинен 2218 статьясынан тамак-аш сатып алууга – 107,0 миң сом бекитилсин.
9. Каралган акча каражаттарын бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
10. Токтомдун аткарылышын камсыздоону айыл өкмөт башчысы Ж.Yсөнбаевге тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрагасы: | Н.Чекиров |