КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 1
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, бош калган акча каражатын бөлүү максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаты:
ЖКХ бөлүмүнөн – 100 000сом;
Клуб бөлүмүнөн – 90 000сом;
Мектеп бөлүмүнөн – 110 000сом;
Баардыгы 300 000 сом айыл өкмөтүнүн электр энергиясы үчүн карыздарын жабууга бөлүнүп берилсин.
2. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | А. Алымбаев |