Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 38-сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 2
Тоң райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу максатында, келишимдин шарттарын карап жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Тоң райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовго милдеттендирилсин.
3.Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага | А. Алымбаев |