Редакцияот 15.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз 41-сессиясы

 

2021-жылдын 15-апрели № 10

Көл-Төр айыл өкмөтүнүн 2021-жылы кабыл алынган бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Көл-Төр айыл өкмөтүнүн кабыл алынган бюджетинде акча каражаты тартыш болгондуктан электр энергияга акча каражаты аз каралып калган, ошондуктан 2021-жылы кабыл алынган бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Көл-Төр айыл өкмөтүнүн кабыл алынган бюджетинде төмөндөгү иш чаралар боюнча 2-кварталга өзгөртүү киргизилсин.

- Газета-журналдарга жазылуу 2021-жылдын 1-2-жарым жылдыгы үчүн каралган 70111 башкаруу бөлүмүнүн 22154900 беренесинен 10000сом;

- Айыл өкмөттүн кызматкерлерине компьютер алууга 70111 башкаруу бөлүмүнүн 31123230 беренесинен 35000 сом;

- Маданият жана клубдарга утурумдук ремонтуна каралган 70823 бөлүмүнүн 22211100 беренесинен 30000сом;

- Коңур-Өлөң айылынын тургуну Букараевге курулуш материалдарын алууга каралган 70629 бөлүмүнүн 22221200 беренесинен 40000сом; Бардык сумма 115000сом. Бул акча каражаттары төмөндөгүдөй иш чараларга:

- Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн электр энергиясы үчүн карызын жабууга 70629 бөлүмүнүн 22311200 беренесине 115000сом айылдардын түнкү жарыктарына өзгөртүлүп каралып берилсин.

2. Бардык 115000 (жүз он беш миң) сом 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2-кварталына кошулуп, киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизилсин.

3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлү бюджет комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Алымбаев