Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 3
Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан келип түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу райондук финансы башкармалыгына Көл-Төр айыл өкмөтү тарабынан кайрылуу жазылып, финансы министрлигинен кошумча каражат карап берүүнү сураган. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан 700 000сом өлчөмүндө кошумча каражат келип түшкөндүгүнө байланыштуу Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келип түшкөн кошумча 700,0миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдарын жабуу үчүн жумшалсын жана тиешелүү беренелерге бөлүнсүн.
-электр энергиясы үчүн карызын жабууга 580,0мин сом;
-кызматкерлердин кызматтык иш сапарларына -50,0мин сом;
-маданият жана клубдарга утурумдук ремонту үчүн- 30,0мин сом;
-социалдык кызматкерлердин социалдык сумкасы үчүн 6,0мин сом;
-2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына газета-журналдарга жазылууга 4,0мин сом;
-канцелярдык товар алууга 30,0мин сом;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы У.Мааткеримовго, көзөмөлү бюджет комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ч. Болотбеков |