Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК ЭКИНЧИ СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 20-октябры № 03
Кара-Ой айыл аймагына жеке агроном кабыл алуу жана агрономдун кызмат акыларынын бааларын бекитүү жѳнүндѳ
Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын 28.09.2020-жылдагы №3/7-1-2327 катын жана айыл тургуну Керимканов Кубанбектин 12.10.2020-жылы жазган арызын Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагына жеке агроном болуп айыл тургуну Керимканов Кубанбек Идрисович 2020-жылдын 20-октябрынан баштап кабыл алынсын.
2. Жеке агрономдун кызмат акыларынын баалары жогруда көрсөтүлгөн каттын тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» жана Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Айылдык Кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |