Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК ҮЧҮНЧҮ СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 11-декабры № 04
Жайыт пайдалануулар бирикмесинин тѳрагасын ѳз каалоосу менен жумуш ордунан бошотуу, кайрадан тѳрагасын дайындоо жана мүчѳлѳрүн бекитүү жөнүндө
Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жамаатынын 05.11.2020-жылдагы протоколун, Б.Ильязовдун жана А.Ишаевдин арыздарын карап талкуулап чыгып, Кара-Ой айылдык Кеӊеши токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы Ильязов Болот Токинович жумуш ордунан ѳз каалоосу менен бошотулсун.
2. Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы болуп Ишаев Алымбек Бектурович дайындалсын.
3. Кара-Ой айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчѳлѳрү №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы баардык банктык эсептеги финансы каражаттарын чечүүгѳ жана колдонууга укуктуу.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» жана Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
6. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын контролдоо жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |