Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК ТӨРТҮНЧҮ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 21-январы № 03
ТЖКЧжЖТК тутумуна келишимдин негизинде ветеринардык врачты кабыл алуу жана архивариус кызматынын айлык маянасын кѳтѳрүү жѳнүндѳ
Ветеринардык врачты келишимдин негизинде кабыл алуу жана архивариус кызматынын айлык маянасын кѳтѳрүү максатында, Кара-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумунуна ветеринардык врач, келишимдин негизинде 7000 (жети мин) сом айлык маянасы менен кабыл алынсын.
2. Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумуна келишимдин негизинде кабыл алынган архивариус кызматынын айлык маянасы 5000 (беш мин) сомго кѳтѳрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо жагы айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Токтомду аткаруу алуу жагы «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо» тутумунунун бухгалтери Дж.Жумековага милдеттендирилсин.
5. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |