Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК БЕШИНЧИ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 9-февралы № 01
«Айыл-Келечеги» бала-бакчасынын тарифин бекитүү жѳнүндѳ
«Айыл-Келечеги» бала-бакчасынын директору Э.А.Осмонканованын сураныч катын, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагындагы «Айыл-Келечеги» бала-бакчасынын тарифи 1150 (бир мин бир жүз элүү) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин «Бюджет, каржы жана экономика» боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |