КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ КЫРК АЛТЫНЧЫ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 10-марты № 03
“Д.О.В.” ИСКАКБ бирикмесин жоюу жана жетекчисин жумуш ордунан бошотуу жѳнүндѳ
Кара-Ой айылынын “Д.О.В.” Айылдык суу пайдалануучулардын коомдук бирикмесинин Уставынын 9-главасынын 55-статьясынын жана 2021-жылдын 03-мартындагы №1 айылдык чогулушунун протоколунун жана жетекчиси К.Бекбашевдин 03.03.2021-жылы жазган арызынын негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Кара-Ой айылынын “Д.О.В.” Айылдык суу пайдалануучулардын коомдук бирикмеси жоюлсун.
2. Кара-Ой айылынын “Д.О.В.” Айылдык суу пайдалануучулардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Бекбашев Кайрат Джекшенович 2021-жылдын 03-мартынан баштап ѳз каалоосу менен жумуш ордунан бошотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин “Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу” жана «Бюджет, каржы жана экономика» туруктуу комиссиясына боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Б.У. Усенбеков |