КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVIII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ БИРИНЧИ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 12-майы № 02
Ар тармак боюнча туруктуу комиссия мүчѳлѳрүнѳ бѳлүштүрүү жѳнүндѳ
Кара-Ой айылдык кенешинин 2021-жылдын июнь айынын 12ги №1 протоколунун негизинде, Кара-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча комиссиясынын тѳрагасы Алимкулов Акназар Оралханович; мүчѳлѳрү: Бакейнеев Тилек Мырзабекович, Бактыбек уулу айбек, Осмонканова Эльмира Апыловна бекитилсин.
2. Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу боюнча комиссиясынын тѳрагасы Талайбек уулу Бакыт; мүчѳрү: Алимкулов Акназар Оралханович, Абдыкалыков Алтынбек Кубантбекович бекитилсин.
3. Бюджет финансы, экономика, салык маселелери боюнча комиссиясынын тѳрайымы Акымбекова Шааркан Бакейнеевна; мүчѳлѳрү: Мамытова Рысбүбү Токтогазиевна, Зарылбек уулу Эльдияр, Бактыбек уулу Айбек бекитилсин.
4. Социалдык, экономикалык, маданий тармактарды өнүктүрүү, калкка кызмат көрсөтүү, жаштар саясаты, пенсия, пособие, жеңилдиктер, илим берүү, саламаттыкты сактоо, спортту өнүктүрүү, улуттук каада салтты өрчүтүү, миграция маселелери боюнча комиссиясынын тѳрагасы Зарылбек уулу Эльдияр; мүчѳлѳрү: Акымбекова Шааркан Бакейнеевна, Мамытова Рысбүбү Токтогазиевна, Осмонканова Эльмира Апыловна, Абдыкалыков Алтынбек Кубантбекович бекитилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Дж. Ильязов |