КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
XXVIII – ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ЭКИНЧИ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 19-майы № 08
Таштанды таштоочу контейнерлер жана таштандынын тарифин жогорулатуу жѳнүндѳ
Кара-Ой айыл аймагында жайкы сезон мезгилине таштанды маселесин чечүү максатында, Кара-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Ой айыл аймагынын кичи эс алуу жайларынын жана чакан кафе жайларынын алдына, жайкы сезон убагына 1 (бир) даана таштанды таштоочу контейнерлери, Кара-Ой айыл ѳкмѳтүнүн ТЖКЧЖжТК тутуму менен келишимин түзүлүп коюлсун жана таштантыга болгон тарифинин баасы 400 (тѳр жүз) сом менен бекитилсин.
2. Кара-Ой айыл аймагынан жана эс алуу жайларынан чыккан таштандылар, таштанды таштоочу жайга бир жолу таштандыны тѳгүү үчүн, ГАЗ-53-1000 (бир мин) сом, ЗИЛ-1500(бир мин беш жүз) сом, Камаз-2000(эки мин) сом, Хово-4000(тѳрт мин) сом ѳлчѳмүндѳ, айыл ѳкмѳтүнүн ТЖКЧжЖТК тутумуна келишим түзүү менен бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңешинин Жер жана агрардык реформа, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, туризм, курорт тармагы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Ой айыл ѳкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын.
Төрага | Дж. Ильязов |