Редакцияот 07.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3 СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 7-июлу № 7

Сугат суусун кезексиз уурдап сугаргандарга айып пул өлчөмүн чектөө

Аба ырайынын кургакчылык кесепетинен айыл аймагыбызда сугат сууларынын жетишсиздиги күч алып, суу бөлүштүрүүчү чарбаларда кыйынчылыктар жаралууда. Айрым дыйкандар айыл чарба өсүмдүктөрүнө сугат сууну кезексиз, уурдап сугаргандыгына байланыштуу, кезектеги дыйкандарга суу жетпей тоскоолдук жаралып жаткан үчүн кеңештин сессиясы токтом кылат:

 

1. Сугат суусун мыйзамсыз урдоо менен сугарган дыйкандарга 5000 (беш миң) сомго чейинки өлчөмүндө айып пул салынсын.

2. Суу урдаган дыйкандарга 10 күндүк мөөнөткө чейин сугат суу берилбесин.

3. Огород сугат иштери кечки саат 17-00 дөн 21-00 гө чейин мурап аркылуу кезек менен берилсин.

4. Сугат сууну дыйкандарга кезек менен ачык айкындуулукту сактап берүү мурабтарга тапшырылсын.

 

Төрагасы

А. Тыныбеков