Редакцияот 07.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3 СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 7-июлу № 10

Жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

Жайыт комитетинин төрагасы А.Баямановдун жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:

 

1. Жайыт комитетинин 2021-жылга бюджетинин долбоору алымча – кошумчасы менен 1 266,0 (бир миллион эки жүз алтымыш алты миң) сом деп бекитилсин.

2. Жайт комитетине түшкөн каражаттардын үчтөн бир бөлүгүн (жайыт салыгы) алып калуу менен өз убагында которуп берүү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жаныбековага тапшырылсын.

3. Бюджетти өз багыты менен пайдалануу жайыт комитетинин төрагасы А.Баямановго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Алиевге  тапшырылсын.

 

Төрагасы

А. Тыныбеков