Редакцияот 11.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК - МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 11-марты № 10

Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн 613га КБФнын ижарага берилген жери жөнүндө

Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б.Кадырбаев,салык кызматкери Н.Намазова тарабынан түзүлгөн актыны карап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттары угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк- Мойнок айыл өкмөтүнүн карамагындагы 613га КБФнын ижарага берилген жери 2019-жылга чейин 137га жер деп берилген. Жери таштак,суу келбеген жер болгондуктан, көп жери арендага берилген эмес.Ошондуктан айыл өкмөттүн жыл башынан бери топтолгон 58.5миң сом убагында техникалык себептер менен туура эмес көрсөтүлүп коюлгандыктан,58.5 миң сом чыгышталсын жана айыл өкмөтү карызы жок экендиги аныкталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы А.Б.Джодаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Б.Джодаев

 

“БЕКИТЕМИН”

Кок-Мойнок айыл аймагынын

башчысы: М. Кыдыралиева

 

Акт

 

18.01.2021-ж.

Ак-Олон айылы

 

Биз томондо акт узуп кол коюучулар Кок-Мойнок айыл окмотунун жер адиси Б.Кадырбаев салык кызматкери Н.Намазова, Кок-Мойнок айылдык кенешинин депутаты А.Жоодаев болуп ушул актыны туздук. Себеби, Кок-мойнок айыл окмотунун карамагындагы 613га КБФнын ижарага берилген жери 2019 жылга чейин 137га жери берилген.

Жери таштак, суу келбеген жер болгондуктан коп жери арендага берилген эмес. Ошондуктан айыл окмотунун жыл башынан бери топтолгон сумма 58,5 мин сом убагында техникалык себептер менен туура эмес корсотулуп коюлгандыктан, 58,5 мин сом чыгышталсын жана айыл окмоту карызы жок экендиги анык.

 

Акт тузгондор:

 

А\о кенешинин торагасы:

А.Жоодаев

 

Жер адиси:

 Б.Кадырбаев

 

Салык кызматкери:

Н.Намазова