Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 2-августу № 21
Улахол айыл аймагында өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча кошумча каражат бөлүү жөнүндө
Улахол айылдык аймагынын айыл өкмөтү М.Бейшеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл аймагында өзгөчө кырдаалга байланыштуу анын кесепеттерин жоюуга бюджетке каралган акчадан тышкары түшкөн акча каражатынан 300000 сом кошумча бөлүнсүн.
2. Бөлүнгөн каражатты бөлүп берүү жагы каржы бөлүмүнүн башчысына ммлдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Жолалиев |
Катчы | И. Жээнтаев |