УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 2-августу № 23
Улахол айыл аймагында чарбалык иштер боюнча айыл өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу жөнүндө
Улахол айыл аймагында чарбалык иштер боюнча айыл өкмөтүнүн токтому жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты Ж.Орускожоевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл өкмөтүнүн жазгы айдап себүү, таза суу, корукту уюштуруу, малды жайкы мезгилдерде жайлоого көчүрүү, малчыларды дайындоо жана малдын түрүнө жараша жайытты сезондуу пайдалануу жана башка чарбалык маселелер жөнүндөгү 05.04.2021-жылдагы №01-10/52 токтому кабыл алынсын.
2. Токтомду аткаруу Улахол айыл өкмөтүнүн башчысына жана тиешелүү кызмат адамдарына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Жолалиев |
Катчы | И. Жээнтаев |