Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-апрели № 01-10/52
Улахол айыл Өкмөтүндө жазгы айдап себүү, таза суу, корукту уюштуруу, малды жайкы мезгилдерде жайлоого көчүрүү, малчыларды дайындоо жана малдын түрүнө жараша жайытты сезондуу пайдалануу жөнүндөгү айылдык жыйындардын негизинде Улахол айыл Өкмөтү
токтом кылат :
1. Улахол айыл Өкмөтүнө караштуу айылдардагы малдарды айылдын четиндеги жайыттарга калтырбай бада уюштуруу менен малды жогорку өрөөндөргө жеткирүү, жайыттарды чектөө айыл башчыларына жана жайыт комитетине милдеттендирилсин.
2. Жайыт төлөмдөрүн өз убагында чогултуу жайыт комитетине милдеттендирилсин.
Бада акысы төмөндөгүдөй чектелсин:
жылкы башына - 250 сом, уй башына - 250 сом, кой-эчкиге - 50 сом. Эгерде «Сырт» өрөөнүнө жайытка чыкса бодо малга - 300 сом, кой-эчкиге - 50 сом. Жайыт салыгы мал багуучудан жана жайыт пайдалануучудан алынсын.
3. Бадага мал топтоп жайытка көчпөй, чабынды жерди жедирип жаткан малчыларга «Бузуулар жөнүндө» кодекстин, «Айыл Мыйзамынын» талаптарына ылайык төмөндөгүдөй айыптар салынсын:
- айылдык жыйындын токтомунун негизинде мал багууда ашыкча акы алган атуулдарга 5000 (беш миң) сом;
- май айынын 10-числосуна чейин жайлоого көчпөгөн жана сентябрь айынын 30-числосунан мурун көчүп келген атуулдарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 183-беренесине ылайык 4-категориядагы айып пул (7500 жети миң беш жүз) сом;
- 1-майдан баштап 15-октябрга чейинки мезгилде айдоо аянттарына кирген малдарга:
бодо малга-300 сом, эгерде 2-жолу кирсе 600 сом, 3-жолу кирсе 1000 сом, кой-эчкиге-100 сом, индюкка 100 сом, тоокко -50 сом, эгер эшек кирсе-200 сом, жайлоого чыгарбай ашык (субай) мал алып калгандарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 183-беренесине ылайык 4-категориядагы айып пул (7500 жети миң беш жүз) сом;
-Жай мезгилинде минген аттан жана саан уйлардан башка мал алып калынбасын, уйлар кезүүгө кошулсун;
-Жайлоого чыгарылбай айыл четиндеги жайыттарга бурак, аксак тексектерден башка кой, эчки, тай жана башка мал калтырылбасын;
-Жайыт кеңеши өз алдынча үйүр кылып жайлоого айдап жиберген бодо малдарды мал чарба адиси, вет инспектор, айыл башчылар менен бирдикте тактап жайлоого чыгара электе келишим түзүшсүн, баш ийбеген мал ээлерине «Бузуулар жөнүндө» кодекстин негизинде чара көрүлсүн;
- Туура-Суу айылынын аңызына чөп чабык, оруп жыюу бүтқөнчө бардык мал түшүрүлбөсүн;
-Туура-Суулуктар тышкы малдарды жайыт кеңеши чектеп берген жайыттарга багылсын;
-Жайлоого үйүр кылып жылкы чыгаргандар 30-сентябрга чейин жайлоодон Туура-Суу айылынын чегине чейин түшүрбөй көзөмөлдөө уюштурсун. Жайлоодон малды эрте түшүргөндөргө «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 183-беренесине ылайык 4-категориядагы айып пул (7500 жети миң беш жүз) сом айып салынып, малы кайра айдалсын;
-Топоздор сырт өрөөнүнө жана жайыт жери чектелген жайыттарга гана багылсын. Ар бир уй топоз милдеттүү түрдө идентификациялык каттоодон өткөрүлсүн;
- ветеринария жөнүндөгү мыйзамдын негизинде айылга оорулуу мал алып келсе жана дарылоо учурларында малдарын көрсөтпөй катып калган атуулдарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 156-беренесине ылайык 3-категориядагы айып пул (5500 беш миң беш жүз) сом;
- эмдөөдөн жана каттоодон өтпөгөн иттер жок кылынат, эгерде ээси каршылык көрсөтсө «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 156-беренесине ылайык 3-категориядагы айып пул (5500 беш миң беш жүз) сом;
- мурабдардын уруксааты жок сугат сууларын буруп уурдаган атуулдарга мурабдын актысынын негизинде «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 181-беренесине ылайык 2-категориядагы айып пул (3000 үч миң беш жүз) сом, лотоктордон уурдап сугарган атуулдарга жана график учурунда суу саткан мураптарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 179-беренесине ылайык 3-категориядагы айып пул (5500 беш миң беш жүз) сом сом;
- айдоо жерлердин 1 га 100 сомдон канча сугарса, айыл ичиндеги огородго 50 сомдон 3 жолку сугатка Туура-Суу жана Шор-Булак айылынан башкасы Улахол СПАсына төлөсүн;
- Туура-Суу айылы «Ак-Корум» суусун сугат үчүн 10-майга чейин пайдаланбасын;
- жер айдап-себүүгө 1 га 2000(эки миң) сом, 50 литр күйүүчү май;
- техника ээлерине айыл жыйындарында коюлган баадан ашык алган, өз эрежеси менен айдап-сеппеген механизаторлорго «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 183-беренесине ылайык 4-категориядагы айып пул (7500 жети миң беш жүз) сом;
- суу бөлүштүрүү графигине баш ийбей суу жыгып алгандарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 178-беренесине ылайык 3-категориядагы айып пул (5500 беш миң беш жүз) сом айып салынып, ошол айылдын бир суткалык суусу алынсын;
-ар бир жаран өз үйүнүн тегерегин таза жана ирээтте кармап, өзүнө тиешелүү арыктарды өз убагында чаап жана тазаласын;
- сугат мезгилинде суу акысын төлөбөгөн атуулдарга, арык тазалоого чыкпагандарга суу берилбесин;
- көчөлөргө жана белгиленбеген жерлерге таштандыларды төккөн атуулдарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 71-беренесине ылайык 3-категориядагы айып пул (5500беш миң беш жүз) сом кошуналардын жана айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде салынсын жана төгүлгөн таштанды тазалап чыгаруу айыпкерге жүктөлсүн;
4.Таза сууну түтүк менен сугатка пайдалангандарга, өз алдынча насос коюп алгандарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 72-беренесине ылайык 2-категориядагы айып пул (3000 үч миң) сом айып салынсын. Төлөнгөн акчанын 5 % ы ИСКАКБне которулсун.
5. Бадага чыккан малдардын башын тактап, саноо, малды өз убагында купкага салуу, ветеринардык эмдөөлөрдү жүргүзүү айыл башчыларына, мал чарба жана ветеринардык адистерге, жайыт комитетине милдеттендирилсин.
6. Жайлоого багуучу малдарды 20-майдан кечикпей көчүрүү жана 1-октябрга чейин айылга түшүрбөө, орто тоого 10-июндан 5-сентябрга чейин түшүрбөө жагы жайыт комитетинин жана айыл башчылардын көзөмөлүнө берилсин. Жайыт комитети ар бир мал багуучу менен келишим түзүп бардык жагдайларды чагылдырсын. Жайыт пайдалануучулар жайыт билетиндеги чектелген жайыттарды гана пайдаланышсын.
7. Мал ээлери мал багуучу менен келишим түзсүн. Мал багуучу баккан малынан ооруган, өлгөндөрү болсо мал ээсине тезинен билдирип, тушу, териси, эн белгиси менен өз убагында берилсин, эгерде өз убагында берилбесе мал базар баасында төлөнүп берилсин.
8. Эгерде мал кайтарыш үчүн унаа катары аттын күчүн пайдаланып келген киши унааны (атты) жоготсо же белгисиз себептер менен өлтүрүп алса, карышкырга жедирсе мал ээсине ат базар баасы менен төлөнүп берилсин.
9. Жайыт билет албагандарга «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 183-беренесине ылайык 4-категориядагы айып пул (7500 жети миң беш жүз) миң сом айып салынсын.
10. Жайытка белгиленген мөөнөттө көчпөй койгондорго жана мөөнөтүнөн эрте көчүп келгендерге «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 183-беренесине ылайык 4-категориядагы айып пул (7500 жети миң беш жүз) сом айып салынсын.
11. Малдын санын жашыргандар айырма башына 2 (эки) эсе ашык төлөө жүктөлсүн.
12. Айыл өкмөтүндөгү ветеринардык эпизоотиялык абалга байланыштуу ветеринардык жугуштуу ооруларга каршы вакцинацияларды өз убагында эмдөөлөрдү жүргүзүүгө каршы болгон мал ээлерине «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 156-беренесине ылайык 3-категориядагы айып пул (5500 беш миң беш жүз) сом айып салынсын, жугуштуу оору пайда кылса бардык чыгымдарды өз мойнуна алууга милдеттендирилсин.
13. Айыл чарба техникаларын иштеткендерге, мал баккан чабандарга патент алдыруу боюнча эскертүүлөрдү берүү жайыт комитетине, салык кызматкерлерине, айыл башчыларга, айыл кураторлоруна милдеттендирилсин.
14. Таштандылардын айылдардагы белгиленген жерлерге гана төгүлүшүн көзөмөлгө алуу жер адисине, айыл башчыларга жана айыл кураторлоруна жүктөлсүн.
15. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жана бадачылар менен келишимдерди түзүү, жайытын чектеп берүү жайыт комитетинин төрагасы А.Ашымбековко, мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адис К. Бектуровко, вет.инспектор С. Бокуевге, жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Зарлыков Уланга, айыл башчыларга тапшырылсын.
16. Улахол айыл өкмөтүнүн 17.04.2020-жылдагы №51 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
17. Бул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Улахол айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынан суралсын.
18. Токтомду областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы И.Жээнтаевке тапшырылсын.
19. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Башчы | У. Эмилбеков |
Макулдашылды: | Жээнтаев И. Бектуров К. Ашымбеков А. Зарлыков У. Бокуев С. |