Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 6-марты № 3
Табыгый кырсыктардын кесепетинен көп жылдардан бери пайда болуп келген кайра бөлүштүрүү фондусунун жеринин карызын жоюу жөнүндө
Табыгый кырсыктардын кесепетинен көп жылдардан бери пайда болуп келген кайра бөлүштүрүү фондусунун жеринин карызын жоюу жөнүндө айыл Өкмөтүнүн бөлүм башчы, башкы бухгалтер А.Курманалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Атайын түзүлгөн комиссия 2009-жылдын жана 2016-жылдын август айындагы аба-ырайынын кескин өзгөрүп, айыл чарба багытындагы жерлерин жеринде барып, мөндүрдөн жапа чеккен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянтарын текшерип түзүлгөн актылары бекитилсин (актылар тиркелет).
2. Табыгый кырсыктын кесепетинен 2009-жылы 185 га жана 2016-жылы 346 га жер аянттарына себилген айыл чарба өсүмдөктөрүнон түшүл алууга болбой калгандыгы белгиленсин жана дан эгиндери чөп чабындынын түшүмүнө которулсун.
3. Табыгый кырсыктардан жапа чеккен айылдык товар өндүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде 2009-жылдагы 185 га жана 2016-жылдагы 346 га жер аянттары үчүн ошол жылдардагы салыктарынан жана камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бир жылга толук бошотулсун.
4. Мөндүр алып кеткен кайра бөлүштүрүү жерлеринен ижарага алып айдалган жерлердин ижарачылары 2009-жылдар жана 2016-жылдар үчүн ижара акысынан бошотулсун жана 2009-жылдагы, 2016-жылдагы кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижара акысынын планы азайтылып, карыздар жоюлуусун Тоң райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
5. Тиешелүү жактарга карызды жоюу маселелерине байланыштуу кайрылуу жолдоо жагы бөлүм башчы, башкы бухгалтер А.Курманалиевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Т.Ж. Ашымов |
Катчы | И. Жээнтаев |