Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 6-марты № 1
2019-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө
2019-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча У.Эмилбековдун жана А.Курманалиевдин отчетторун угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
токтом кылат :
1. 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысы У.Эмилбековдун отчету «канагаттандыраарлык» деп табылсын.
2. 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Курманалиевдин отчету «канагаттандыраарлык» деп табылсын.
3. 2020-жылдын бюджетин аткарууда айылдык кеңештин чечимин кынтыксыз ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысына, каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Ашымов |
Катчы | И. Жээнтаев |