Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXV СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 30-июну № 15
Улахол айыл аймагындагы чарбачылык иштер боюнча токтомду кабыл алуу жөнүндө
Улахол айыл аймагындагы жазгы айдап себүү, таза суу, корукту уюштуруу, малды
жайкы мезгилдерде жайлоого көчүрүү, малчыларды дайындоо жана малдын түрүнө жараша жайытты сезондуу пайдалануу жөнүндөгү айылдык жыйындардын негизинде кабыл алынган токтом боюнча И.Жээнтаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. Улахол айыл аймагындагы жазгы айдап себүү, таза суу, корукту уюштуруу, малды жайкы мезгилдерде жайлоого көчүрүү, малчыларды дайындоо жана малдын түрүнө жараша жайытты сезондуу пайдалануу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн 17.04.2020-ж. № 51 токтому кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган токтомду аткаруу Улахол айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Ашымов |
Катчынын м.а. | К. Соконов |