Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVIII СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 29-декабры № 52
Улахол айыл Өкмөтүнүн маданият тармагына кошумча штаттык бирдикти ачуу жөнүндө
Улахол айыл Өкмөтүнүн маданият тармагына кошумча штаттык бирдикти ачуу жөнүндө каржы бөлүмүнүн башчысы А.Курманалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы №495-токтомунун негизинде айыл Өкмөтүнүн Оттук айылынын айылдык клубуна тех.кызматкер деп жана Кара-Шаар айылындагы маданият үйүнө кароолчу деп штаттары ачылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл аймагынын башчысы Эмилбеков Улан Эмилбековичке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Ашымов |
Катчы | И. Жээнтаев |