Редакцияот 29.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXVIII СЕССИЯСЫ

 

2020-жылдын 29-декабры № 53

Улахол айыл өкмөтүнүн таштандыларды чыгаруу үчүн салык ставкасын бекитүү жөнүндө

Улахол айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.Бейшеевдин маалыматын угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши

токтом кылат:

1. Улахол айыл өкмөтүнүн айылдарындагы кожолуктардын санын жана айрым кожолуктарга женилдиктерди эске алуу менен ар бир кожолукка 50 сомдон таштандыларды ташып чыгарууга жыйымдын ставкасы бекисин.

2. Улахол айыл өкмөтүнүн таштандыларды ташып чыгарууга болгон жыйымдын жалпы план 50 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Ашымов

 

Катчы

И. Жээнтаев