Загрузка документа…
ТӨРТ КҮЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын XXVII-сессиясы
2021-жылдын 14-январы № 2
Төрт-Күл айыл аймагынын жерлеринен калктуу конуштар категориясына которуу маселесин кароо жөнүндө
Төрт-Күл айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XIX сессиясынын 27-декабрь 2008-жылы чыккан №19 токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык Төрт-Күл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Күл айыл Өкмөтүнө караштуу Темир-Канат айылындагы “Мектеп” участкасында жайгашкан №66 контурдагы жалпы 8,70 га жер аянты турак жай курууга 0,07 сотыхтан бөлүнүп берилсин жана 50 сотых жер соц объектиге калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн жер адиси А.Ибраевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Байсеркеевге тапшырылсын.
Төрт-Күл айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Жунушалиев |
Катчысы | Г. Садырова |