Загрузка документа…
ТӨРТ КҮЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын XXVII-сессиясы
2021-жылдын 14-январы № 3
Төрт-Күл айыл аймагынын жерлеринен калктуу конуштар категориясына которуу маселесин кароо жөнүндө
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн, Туура-Суу айлындагы тургундарынын арыздарын карап чыгып жана айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын белгилеп, Туура-Суу айылын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык Төрт-Күл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Күл айыл аймагынын Туура-Суу айлындагы “Суук-Булак” участкасында жайгашкан №220-223- контурдагы жалпы 18,5 га жер аянты турак жай курууга 10 сотыхтан бөлүнүп берилсин жана 0,50 га жер аянты соц объектилерди курууга калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн жер адиси А.Ибраевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Байсеркеевге тапшырылсын.
Төрт-Күл айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Жунушалиев |
Катчысы | Г. Садырова |