Загрузка документа…
ТӨРТ КҮЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын XXVII-сессиясы
2021-жылдын 14-январы № 7
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга киреше жана чыгаша бөлүмүнүн жана 2022-2024-жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ
Тѳрт-Күл айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүнүн жана 2022-2024-жылдардын долбоорун бекитүү боюнча, Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн ФЭБ бѳлүмүнүн башчысы А.Дүйшембиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер (№1 тиркеме) жана чыгашалар (№2 тиркеме, №3 тиркеме, №4 тиркеме жана) бөлүмү боюнча 10222,2 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2019-жылдагы Республикалык бюджеттен алынуучу “Теӊдештирүүчү гранттын” өлчөмү 4139,6 мин сом өлчөмүндө каралып жумшалсын.
3. Жергиликтүү кирешелердин өлчөмү 5842,3 мин сом өлчөмүндө каралып жумшалсын.
4. “Атайын каражаттан” түшүүчү кирешелердин өлчөмү 240,3 мин сом өлчөмүндө каралып жумшалсын.
5. Жергиликтүү бюджеттин кассалык жүгүртүү өлчөмү 2019-жылдын 1-январына карата 50,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Бюджеттин 2022-жыл үчүн долбоору 8814,3 мин сом өлчөмүндө, 2023-жыл үчүн долбоору 8816,3 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын айыл Өкмөтүнүн ФЭБ бѳлүмүнүн башчысы А.Дүйшембиевага тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Байсеркеевге милдеттендирилсин.
Төрт-Күл айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Жунушалиев |
Катчысы | Г. Садырова |