Загрузка документа…
ТӨРТ КҮЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын XXVII-сессиясы
2021-жылдын 14-январы № 9
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн 1-январь 2021-жылга карата калдык акча каражатын бөлүштүрүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексине” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статустары жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн ФЭБ бѳлүмүнүн башчысы А.Дүйшембиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга карата 1679252,83 сом калдык акча каражаты №1 тиркемеге ылайык бөлүнүп жумшалсын.
2. Атайын счеттогу жалпы суммасы 70084,70 калдык акча каражаты №2 тиркемеге ылайык жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл Өкмөтүнүн ФЭБ бѳлүмүнүн башчысы А.Дүйшембиевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Байсеркеевге милдеттендирилсин.
Төрт-Күл айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Жунушалиев |
Катчысы | Г. Садырова |