Загрузка документа…
ТӨРТ КҮЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын XXVII-сессиясы
2021-жылдын 14-январы № 13
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнө техника алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Төрт-Күл айыл Өкмөт башчысы У.Байсеркеевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Күл айыл Өкмөтүнө айыл элинин жашоо шартын оӊдоо жана көйгөйүн чечүү максатында 1 (бир) комбайын, 1 (бир) Камаз жүк ташуучу авто унаа алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 1 700 000 (бир миллион жети жүз миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Сатылып алынган 1 (бир) комбайын, 1 (бир) Камаз жүк ташуучу авто унаа, атайын унаа тетиктери чыгарылган мөөнөтү 10 жылдан ашпоосу керек.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Дуйшембиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл Өкмөт башчысы У.Байсеркеевге тапшырылсын.
Төрт-Күл айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Жунушалиев |
Катчысы | Г. Садырова |