Загрузка документа…
ТӨРТ КҮЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын XXVII-сессиясы
2021-жылдын 14-январы № 15
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги обьектини ижарага берүү жөнүндө
Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы У.Байсеркеевдин сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги обьектини ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
1. Шаршебаев Азизбек – комиссиянын төрагасы, айылдык Кеӊештин депутаты
2. Жамылова Максаткүл- комиссиянын катчысы, айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси
Мүчөлөрү:
3. Борончиев Рысбек - айылдык Кеӊештин депутаты
4. Түлөбаева Жеңишкүл - айылдык Кеӊештин депутаты
5. К.Стамов – Кара-Суу айылынын айыл башчысы
6. А.Атабеков – Кара-Жал айылынын айыл башчысы
7. А. Дүйшембиева- Тѳрт-Күл айыл Өкмөтүнүн ФЭБ бѳлүмүнүн башчысы
2. Бул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн жер адиси А.Ибраевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл аймагынын башчысы У.Байсеркеевге милдеттендирилсин.
Төрт-Күл айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Жунушалиев |
Катчысы | Г. Садырова |