Загрузка документа…
ТӨРТ КҮЛ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Күл айыл Өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин депутаттарынын VI-чакырылышынын XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 3-марты № 32
Төрт-Күл айыл аймагынын жайытын башка максатта пайдалануу жөнүндө
Төрт-Күл айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасынынын сунушун угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төрт-Күл айыл аймагынын айылдык Кеӊештин 11.03.2019-жылдагы №7 токтомуна өзгөртүү киргизүү менен бекитилсин жайытын башка максатта жана өзгөчө пайдаланган учурда жайыт акы төмөндөгүдөй бекитилсин.
1. Мөмө-жемиш чогулткандар үчүн жылына бир 500 сом деп чектелсин.
2. Жайыттардан чөп чабуу, чогултуу 1 га жер аянтына 5000 сом деп чектелсин.
3. Жайыт жерлерин туризм багытында иштетүү үчүн 1 га жер аянтына 1000 сом деп чектелсин.
4. Бал чарбачылыгы үчүн жылына бир 1000 сом деп чектелсин.
5. Асылдуулугу төмөн айыл чарба багытындагы жайыт жерлерди өздөштүрүүгө алган жарандар үчүн 1 га жер аянтына салык өлчөмү Салык Кодексине ылайык каралсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы Т.Бийбаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Тѳрт-Күл айыл аймагынын башчысы У.Байсеркеевге тапшырылсын.
Төрт-Күл айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Жунушалиев |
Катчысы | C. Дыйкамбаева |