Загрузка документа…
ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын I- сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 3
«Түп айылдык аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жѳнүндѳ»
Күн тартибиндеги; Түп айылдык аймагынынын айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жѳнүндѳ маселени карап, талкуулап Түп айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышынын I-сессиясы токтом кылат;
1. Түп айылдык аймагынын айылдык кеңешинин иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2. Токтомду областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон ѳткѳрүү Түп айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Б.З. Умралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрайым | А.О. Орозбекова |