ТҮП АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Түп айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын XXXIV- сессиясы
2021-жылдын 19-марты № 133
“Түп айыл аймагынын жазгы-күзгү жерди айдоо-себүү, уйларды бадада багуу, малдарды жайлоого багуунун акысын бекитүү жөнүндө”
Түп айылдык аймагынын жазгы-күзгү жерди айдап себүү, уйларды бадада багуунун, малдарды жайлоого багуунун акыларын бекитүү боюнча маселени карап,талкуулап Түп айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын XXXIV- сессиясы токтом кылат:
1. Түп айылдык аймагы боюнча жайлоого көчкөн малды багуу акысы:
- 1бир баш койго 70 сом.
- уйга, торпокко – 400 сом.
- жылкыга – 450 сом.
Баданын акысы:
Уй башына – 200 сом: букасы менен 250 сом
Түп токой чарбасынан пайдаланууга алынган жайыт акы
1 бодого – 54 сом 1 га жер бөлүнөт
1 койго – 12,50 сом 4 башка 1га бөлүнөт
Жайлоого чыкчу малдар аба ырайынын шарты мүмкүнчүлүк берсе 10-майга чейин көчүп кетүүсү милдеттендирилет.
Айылда саан уйлар жана 1 баш мингич же арабакеч жылкы алып калууга уруксат берилсин.
- Базда-кашараларда калган фермерлерге, жайытынын шарты туура келсе 3(үч) баш саан уй, 1(бир) баш жылкы алып калууга уруксат берилсин.
- Малдардын вакцинациясын мал даарыгерлик кызматкерлери 1-майга чейин толук бүтүрүшсүн.
-Ветеринарлардын вакцинация боюнча аткарган иштери боюнча 1баш бодо малга 30 сомдон, майда жандыкка 15 сом кызмат акы алынсын.
- малчылардын суранычы менен күпка салууга 797 контурдан 1 га жер бөлүнүп берилсин.
- Айдалган эгин аянттарына, көп жылдык чөптөргө, беделерге зыян келтирген учурда мал ээлерине мыйзам чегинде административдик чаралар колдонулсун.
- Элдин үлуш жериндеги эгинге, көп жылдык чөпкө жайыт комитети менен биргелекте түзүлгөн комиссия курамы акт түзүп уй, жылкы жана кой баласына, антимонополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашуунун негизинде, зыян келтирген учурларда аксакалдар соту тарабынан төмөнкүдөй айып пулдар салынсын:
Биринчи жолу зыян келтирген учурда;
Кой, эчки – 200сом
Бодо – 500 сом
Каз ѳрдѳк-100 сом
-Экинчи жолу зыян келтирген учурда
Кой, эчки – 500 сом
Бодо – 1500 сом
Каз ѳрдѳк-200 сом
Үчүнчу жолу зыян келтирген учурда
Кой, эчки – 1000 сом
Бодо – 2500 сом
Каз ѳрдѳк-500 сом
-Күз мезгилинде жайлоодон аба-ырайына жараша 20-сентябрьга чейин көчүп келүүгө уруксат берилбесин.
-Уруксаатсыз көчүп келген малчыларга мыйзам чегинде административдик чара көрүлсүн жана 50 миң сом акчалай айып пул салынсын.
-Түп токой чарбасы малчылар менен келишим түзгѳн учурда ушул токтомго таянуу менен кѳчүп келүү мѳѳнѳтүн коюшсун.
-Түп айылдык Кеӊешинин сессиясынын токтому менен мал багып, жайлоого чыгуучуларды кол койдуруп, тааныштыруу ишин алып баруу жайыт комитетине тапшырылсын.
-Жайыттарды башка максаттарда келишим менен берилген жерлер (Чѳп чабыш) баалары бир гектарына 600 сом ижара акысы алынсын.
2. Түп айылдык аймагынын айыл өкмөтү боюнча жазгы-күзгү талаачылык жумуштарына техникалардын кызмат акысы төмөнкүдөй бекитилсин:
- Жер айдоо 800 сом; 1 га жерге 25 литр солярка.
- Тырмоок 350 сом 1 га жерге 6 литр солярка.
- Себүү 400 сом 1 га жерге 8 литр солярка
- Каткилѳѳ 250 сом 1 га жерге 6 литр солярка.
- Чоп чабуу Германка 800 сом 1 га жерге 8 литр солярка
- Жѳнѳкѳй чѳп чапкыч 500 сом 1 га жерге 8 литр солярка
- Комбайн 1000 сом 1 га жерге 20 литр солярка
Жүк ташуучу авто унаага 1 рейсине 500 сом, күйүчү майы аралыгына жараша;
Чөп престөө 1 түккө жиби менен 10 сом, 1 га жерге 8 литр солярка
Беде үрөн чабуу 2500сом 1 га жерге 25 литр солярка
3. Түп айылдык аймагы боюнча малдарды даарылап профилактика жүргүзүү, ветеринардык тейлөө кызматына жүктѳлсүн.
4. Кызмат көрсөтүүнүн акысынын көлөмү трансорт ээлерине кол койдуруп, тааныштыруу Түп айыл өкмөтүнүн жер жана муниципалдык бөлүмүнүн башкы адиси Ж.Сагындыковго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткарычуу К.Курманалиевге жүктөлсүн.
Төрайым | А.О. Орозбекова |