МИХАЙЛОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МИХАЙЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XLIV (КЕЗЕКСИЗ) СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 1-апрели №1
2021-жылдын жазгы талаачылык жумуштарынын наркын коюу жөнүндө
Айылдык Кеңештин туруктуу жер комиссиясынын жана айыл тургундарынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Михайловка айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын жазгы талаачылык жумуштарынын төмөнкү наркы бекитилсин:
- Айдоо -800 сом/га -күйүүчү май -20л.
- Жумшартуу -300 сом/га -күйүүчү май -10л.
- Тырмоо жана түздөө -200 сом/га -күйүүчү май -7л.
- Себүү -300 сом/га -күйүүчү май -7л.
- Үрөн тазалоо -300 сом АВМ (зав-40)-400сом рейсине.
- Тазалоо токко жеткирүү -200 сом –күйүүчү май (аныгы менен)
- Үрөндү талаага жеткирүү -200 сом – күйүүчү май - 10л.
- Культиватор (Чизель) -300 сом/га-күйүүчү май (аныгы менен)
- Дарылоо -300 сом/га-күйүүчү май (аныгы менен)
- Дискование -350 сом/га- күйүүчү май (аныгы менен)
2. Айыл өкмөт башчысына жер комиссиясы менен механизаторлорду бул токтом менен таныштырып жана жазгы - талаачылык жумуштардын наркын бузууга жол бербөө жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдык Кеңештин бул токтомун Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү жагы Ж.Мамбетакуновага жүктөлсүн.(эки жума аралыгында)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Михайловка айыл өкмөтүнүн туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Токтосунов |