Загрузка документа…
МИХАЙЛОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МИХАЙЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН I СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 18-майы №3
Михайловка айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Михайловка айылдык кенешинин жана айыл өкмөтүнүн иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө депутаттардын маалыматын, сунуштарын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Михайловка айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин иш-кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2. Айылдык кенешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына каттоо жагы жооптуу катчы Ж.Мамбетакуновага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук коргоо жана депутаттык этиканы сактоо боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрайым | И. Лихобабина |