БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXXV СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 26-марты № 4
«Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата таштандыларды алуу жана айып салуу, айыл чарбага карата техникаларынын тейлөө кызмат акыларына коюлган бааларын бекитүү жөнүндө
Бостери айыл аймагынын «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Керимбековдун 2021-жылга карата таштандыларды алуу жана айып салуу, айыл-чарбага карата техникаларынын тейлөө кызмат акыларына коюлган баалары бекитүү жөнүндө маалыматын угуп, Бостери айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Бостери айыл аймагынын «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата таштандыларды алуу жана айып салуу, айыл-чарба техникаларынын тейлөө кызмат акыларына коюлган баалары төмөнкүдөй бекитилсин:
№ | Тейлөө кызмат акыларынын аталышы | Белгиси | Баасы (сом) |
1. | Айыл тургундарынан алынуучу төлөм | 1 короодон | 50-00 |
2. | Городоктун жашоочуларынан | 1 адамдан | 15-00 |
3. | Эс алуу жайлары өз техникасы менен таштанды төгүүчү жайга төгүшсө, төлөм | 1машина 3,5 куб.метр | 700-00 |
4. | Эс алуу жайларынан ишкананын техникасы менен таштанды алынса | 1контейнер | 250-00 |
5. | Айыл тургундары өз женил техникасы менен таштанды төгүүчү жайга төгүшсө, төлөм | 1 куб.метр | 200-00 |
6. | Бостери айыл аймагынын тегерегинде өз алдынча таштандыларды төккөндөргө айыптын төлөмү | Ордунан далилдеп | 1000 сомдон-5000 сомго чейин |
7. | Погрузчиктин кызмат акысы | 1саат | 1000(25литр ГСМ) |
8. | Автогрейдердин кызмат акысы | 1саат | 3000сом |
9. | Комбайндын кызмат акысы | 1га | 2200сом |
10. | Соконун кызмат акысы | 1га | 1000(25литр ГСМ) |
11. | Сеялканын кызмат акысы | 1га | 1000сом |
12. | Чөптү түктөөчү шаймандын акысы | 1тук | 15сом |
13. | Чөп чабуучу шаймандын акысы | 1га | 1400сом |
2. Токтомдун аткаруу жагы «Бостери Тазалык» муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э. Иманалиев |