СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү 1-сессиясынын
2021-жылдын 1-февралы № 12
Кожояр айылынын тургуну Алыбаев Акылбек Казыевичтин жана анын туугандарынын арызын кароо жөнүндө
Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары айыл тургуну Алыбаев Акылбек Казыевичтин жана анын туугандарынын арызын карап чыгып, талкуулап, айтылган сунуш пикирлерди эске алып, Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кожояр айылынын түштүк тарабындагы жаңы конуштун чыгыштан батышка кеткен экинчи туура көчөгө АЛЫБАЙ АТА ысымы берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Раимбеков Эрлан Табылдыевичке жүктөлсүн.
Төрагасы | А.Ш. Молдогазиев |