Редакцияот 27.10.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү 21- сессиясы

 

2020-жылдын 27-октябры № 3

Кырмандын ижара акысын бекитүү жөнүндө

Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кырмандын ижара акысын кароо боюнча Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңеши  төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

1. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кырманды ижарага алып жүргөн Малабеков Кубан Ашыракунович 2020-жылдан 2022-жылга чейин ижара акысы 50,0 миң сом өлчөмүндө төгүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча №1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Ш. Молдогазиев