Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү 21- сессиясы
2020-жылдын 27-октябры № 5
Парко-пляждык зонанын ижара акысын бекитүү жөнүндө
Семеновка айыл аймагындагы парко-пляждык зонанын ижара акысын кароо боюнча Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Семеновка айыл аймагындагы парко-пляждык зонанын ижара акысы 2020-2022-жылга чейин гектарына 10 000(он ) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. “Лагуна-Сити” эс алуу борборунун генералдык директору Сыдыков Арген Табылдыевич менен ижарага келишими түзүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Раимбеков Эрлан Табылдыевичке жана финансы бөлүмүнүн башчысы Элебесова Гулайымга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча №1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ш. Молдогазиев |