Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 17- сессиясы
2020-жылдын 24-январы № 1
Семеновка айыл аймагынын стратегиялык жана инвестициялык пландарын бекитүү жөнүндө
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата стратегиялык жана инвестициялык пландарын бекитүү боюнча Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Элебесованын маалыматын угуп жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата стратегиялык жана инвестициялык пландары бекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э Раимбековко жана финансы бөлүмүнүн башчысы Г Элебесовага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ш. Молдогазиев |