Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2021-жылдын 1-февралы № 9
Семеновка айыл аймагындагы кайра бөлүштүү фонддунун жерлерин пландоо жөнүндө
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Раимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Семеновка айылдык аймагына караштуу кайра бөлүштүрүү фонддун (ФПС) жерлери баардыгы: 956 га, анын ичинен кайра бөлүштүрүү жерлердин аймагы:
- КБЖ (ФПС) сугат айдоо жери-744га; кайрак айдоо жерлери-171га; алма бак- 28га; чөп чабык жерлер- 13 га.
- Фонддун аукцион аркылуу берилүүчү жерлердин аймагы- 457,39га; Алма бак-28 га; Фонддун конкурс аркылуу инвестиция талап кылган жерлердин аймагы-200,44га; Фонддун талап болбогон жерлердин аймагы-60,66га; Фонддун калктуу пунктардын кеңейтүүгө калтырылган жерлери-25,48 га жерлер бекитилсин.
2. Семеновка айыл аймагынын кайра бөлүштүрүү фонддунун кээ бир жерлеринин (ФПС) мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, кайра бөлүштүрүү жерлери кайра аукцион, конкурс аркылуу мыйзам чегинде өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы жана тактоо аукцион, конкурс өткөрүү жергиликтүү кеңештин №2 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы | А.Ш. Молдогазиев |