Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2021-жылдын 1-февралы № 4
Айыл өкмөтүнүн турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары Момбеков жана Жусупбековдун сунуштамасын угуп жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму муниципалдык ишканасы ишке киргизилсин, ишкананын жетекчиси болуп Усупов Курманбек Саламатович дайындалсын.
2. Муниципалдык ишкананын иши жандандырылсын, жоопкерчилик Усупов Курманбек Саламатовичке милдеттендирилсин.
4. Айыл аймагынан чыгарылуучу таштандылардын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
- бир кап (мешок) таштандыны чыгаруу – 10 сом;
- 1 даана контейнердин баасы- 100 сом.
5. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Раимбековко милдеттендирилсин.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын
7. Аныкталган токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
8. Көзөмөлдөө жагы “Жер агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура , жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, жайыт маселелери боюнча” № 2 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы | А.Ш. Молдогазиев |