Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2021-жылдын 1-февралы № 6
Семеновка айыл аймагына караштуу “Жыргал ай” жана “Ивушка” атындагы балдар бакчасынын тамак-ашка төлөнүүчү акысын жогорулатуу жөнүндө
Семеновка айыл аймагына караштуу “Жыргал ай” жана “Ивушка” атындагы балдар бакчасынын жетекчилери Шамакунова жана Асанакуновалардын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Семеновка айыл аймагына караштуу “Жыргал ай” жана “Ивушка” атындагы балдар бакчасынын тамак-ашка төлөнүүчү акысы күнүнө 45 сом (кырк беш) өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т. Раимбековко милдеттендирилсин.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын
4. Аныкталган токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы | А.Ш. Молдогазиев |