Загрузка документа…
СЕМЕНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын ХХVII чакырылышынын Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги 1- сессиясы
2021-жылдын 1-февралы № 3
Семеновка айыл аймагынын стратегиялык жана инвестициялык пландарын бекитүү жөнүндө
Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата стратегиялык жана инвестициялык пландарын бекитүү боюнча Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Элебесованын маалыматын угуп жана талкуулап, Семенов айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй
токтом кылат:
1. Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата стратегиялык жана инвестициялык пландары бекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын башчысы Э Раимбековко жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г Элебесовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча № 1 туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | А.Ш. Молдогазиев |