Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2020-жылдын 18-майы № 103
Садыр аке айыл аймагынын 2021-2022-2023ж.ж. карата жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 78-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Садыр аке айыл аймагынын 2021-2022-2023ж.ж. карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун карап жана талкуулап айылдык кеӊеш токтом кылат:
1. Садыр аке айыл аймагынын 2021-ж. карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору, жергиликтүү бюджет-5932,2 (беш миллион тогуз жүз отуз эки миӊ эки жүз сом), теӊдештирүүчү грант-2196,9 (эки миллион жүз токсон алты миӊ тогуз жүз сом), атайын каражат-1201,5 (бир миллион эки жүз бир миӊ беш жүз сом) өлчөмүндө бекитилсин.
2. Садыр аке айыл аймагынын 2022-ж. карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 9402,7 (тогуз миллион төрт жүз эки миӊ жети жүз сом) өлчөмүндө бекитилсин.
3. Садыр аке айыл аймагынын 2023-ж. карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору 9402,7 (тогуз миллион төрт жүз эки миӊ жети жүз сом) өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы К.Рашевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозунбаев |