Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2020-жылдын 18-майы № 104
Жер тилкесинин багытын которуу жөнүндө
Садыр аке айыл аймагына караштуу Григорьевка айылынын жашоочуларынын суроо талаптарын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13,11,20-беренелерине ылайык, Григорьевка айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында, Садыр аке айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Садыр аке айыл аймагына караштуу Григорьевка айылынын түштүк тарабында № 474 контурунда жайгашкан 4260,30 м/2 жайыт жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Т.Рашевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозунбаев |