Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2020-жылдын 18-декабры № 113
Айыл аймактагы таза суу системасын «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Айыл аймактагы таза суу системасын «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысы К.Т. Рашевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш токтом кылат:
1. Калкты таза суу менен камсыз кылуу, юридикалык жана жеке жарандарга кызмат көрсөтүү, суунун тазалыгын КР мыйзамдарынын негизинде көзөмөлгө алып,стандарттык сапатын сактоо, суу түтүктөрүн, башка техникалык шаймандарын жумушчу абалда кармоо, таза суу системасын жакшы абалда болушун камсыз кылуу, суу түтүктөрүн , суу сактагычтарын өз убактысында оңдоо-түздөө иштерин жұргүзүү, суу системасын монтаждоо, курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүү «Турак жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму» муниципалдык ишканасына бекитилип берилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Т.Рашевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозунбаев |