Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2020-жылдын 18-декабры № 114
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-3 пунктарына ылайык жана айыл өкмөт башчысы К.Рашевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш токтом кылат:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Т.Рашевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозунбаев |