Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык Кеңешинин XXVII
чакырылышынын кезектеги 27 сессиясы
2019-жылдын 24-декабры № 90
Садыр аке айыл Аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылга болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинын” 78-беренесинин 2-пунктун жана Садыр аке айыл Аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин карап, талкуулап чыгып Садыр аке айылдык Кенеши токтом кылат:
1.Садыр аке айыл Аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 8340,3мин. сом (сегиз миллион үч жуз кырк мин үч жүз сом) өлчөмүндө анын ичинен:
-жергиликтүү бюджеттен 5261,1 миң сом (беш миллион эки жүз алтымыш бир миң бир жүз сом)
-тендештирүүчү грант 2179,2 миң. сом (эки миллион жүз жетимиш тогуз миң эки жүз сом)
-атайын каражат эсеби 900.0 миң сом (тогуз жүз миң сом) өлчөмдө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин
2. Садыр аке айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюжет кирешелер жана чыгышылары боюнча 8648,0 миң сом ( сегиз миллион алты жүз кырк сегиз миң сом) өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
3. Садыр аке айыл Аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюжет кирешелер жана чыгышылары боюнча 8721,6 миң сом (сегиз миллион жети жүз жыйрма бир миң алты жүз сом) өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4.Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына бекитилгенге жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Т.Рашевке жана ФЭБнун башчысы Н.У.Сыдыковага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Бозунбаев |